Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков жер-жерлердеги ЖКККБнын башчылары менен онлайн жыйын өткөрдү.
Мекеме билдиргендей, кеңешмеде мектептердин айланасындагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча мектептерге бекитилген кызматкерлердин кызмат өтөө тартиби, жүргүзүлгөн үгүт-насаат иштеринин жыйынтыгы каралды.
Ошондой эле жыл башынан тартып айрым аймактардагы өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын өсүү көрсөткүчтөрү белгиленип, бул багытта жол кырсыктарын алдын албаган жетекчилердин жоопкерчилиги каралары эскертилди.