Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтынан кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Президенттик администрация мамлекет башчынын куттуктоо сөзүн жарыялады.
"Урматтуу мекендештер! Табияттын төрт мезгили ырааты менен алмашып, мекенибизде жаздын деми ойгонгон учур. Илгертен эле табият менен таттуу мамиледе жашап келген элибиз бир күнү жылга тете болгон жаздын келишин чыдамсыздык менен күтүшкөн.
Ата-бабаларыбыз жаңылануунун башаты катары жаздын келишине өзгөчө маани берип, көптөгөн чыгыш элдери менен катар жаз майрамы – Ноорузду белгилеп келишкен. Бул күнү кары дебей, жаш дебей кош өгүз менен буурсун тартып, жер бетине бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчий этектериндеги буудайды кочуштап чачып, эртеңкисине кам көрүшкөн. Күн менен түн теңелген Нооруз күнү эл журттун амандыгын, мал-жандын эсендигин, тынчтыкты тилеп, ырыскынын, токчулуктун майрамы катары карап, берекелүү күздө мол түшүм берүүнү Жараткандан суранышкан.
Бүгүн мен мына ушундай аталар салтын улап, айланасы көрккө бөлөнгөн, береке-куту төгүлгөн ордолуу Ош шаарынан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчунда болсо да ар дайым жүрөгү Мекен деп соккон мекендештеримди бүгүнкү Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктап, жамы журтума молчулук, ыйман-ынсап, акыл-парасат, ырыскы, береке тилеймин. Нооруз майрамыңыздар менен, кутман элим!
Ош шаары дегенибизде үч миң жылдан ашуун тарыхы бар ордолуу шаар эске келет. Байыртадан Жер Ортолук деңизди, Европаны, Жакынкы Чыгышты, Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган Улуу Жибек Жолунун ири соода борбору катары таанылган Ош шаары – жалпы кыргызстандыктардын бирден бир сыймыгы!
Калаанын дал ортосунда дүйнө эли суктанган ЮНЕСКОнун баалуулуктарын толуктаган Сулайман-Тообуз, шаарды аралай аккан ак шоокумдуу Ак-Буура дарыябыз, бабабыз Бабур суктанган саябан бактуу жайыбыз, эмгекти сүйгөн көп этностуу калкыбыз жана меймандос элибиз менен даңкталган сүйүктүү шаарыбыз кимди болбосун, өзүнө тартып турат.
Кезинде “Көз карандысыз мамлекеттердин маданий борбору”, “Түрк дүйнөсүнүн маданий очогу”, “Улуу Жибек Жолунун провайдери” аттыкан шаарыбыздын кадыр-баркы, абырою барган сайын артып барат. Сулайман-Тоо, Ак-Буура менен өзгөчөлөнүп турган мына ушул ыйык шаар көп улуттуу элибизде ынтымак байырлаган баалуулуктарынан алыстабастан, учурда саясий, экономикалык, илимий жана маданий багытта өнүгүү жолунда баратат.
Урматтуу шаардыктар, бабалар калтырган, дүйнө эли суктанган шаарыбызды бапестеп сактап, өнүктүрө берели", - деп айтылат билдирүүдө.