Сокулукта 7 килограмм болуп төрөлгөн ымыркайдын апасына акчалай сыйлык берилди (видео)

Сокулук районунда 7 килограмм болуп төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнө өкүлчүлүк тарабынан белектер берилди.

Тагыраагы, бүгүн, 21-мартта президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан өкүлдүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Илияз Ташкулов ымыркайга барып, белектерин тапшырышты.

Белгилей кетсек, ымыркай 19-март күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун жалпы дарыгердик практикалык борборунда кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Анын салмагы 7,175 килограмм, бою 61 сантиметрди түзгөн.
Учурда эне-баланын абалы жакшы.
Сокулукта 7 килограмм болуп төрөлгөн ымыркайдын апасына акчалай сыйлык берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан