Быйыл Ош шаарына мамлекеттик казынадан 2 миллард 700 миллион сом каралды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта президент Садыр Жапаров Ош шаарынан кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, каражатка шаардын 11 көчөсү, тротуарлары, жашыл аймактары капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Ошондой эле Жапаров жол оңдоочу техникалардын эскилиги жеткенин белгилеп, жаңы техника сатылып алынарын билдирди.
Мындан тышкары мамлекет башчы Ош облусунун жол түзүмдөрүн жакшыртуу үчүн өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллард сом бөлүнүп берилгенин кошумчалады.
"Бул каражатка облустагы 3 стратегиялык унаа жол: Өзгөн–Мырза-Аке–Кара-Кулжа, Ош–Баткен–Раззаков жолунун Ноокат–Кызыл-Кыя бөлүгү жана Ош–Кара-Суу жолу оңдолмокчу", - деди Жапаров.