Жаздын жана кайра жаралуунун майрамы Ош шаарында салтанаттуу белгиленди (сүрөттөр)

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу маданий майрамдык иш-чара болуп өттү.

Ага өлкө башчы Садыр Жапаров жана шаар тургундары, коноктору катышты. Майрамдык салтанатта президент жалпы Ош шаарынын тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктап, Ош шаарында алдыда жасалуучу алгылыктуу иштерге, шаарды ар тараптан өнүктүрүү боюнча максаттарга токтолуп өттү.

Нооруз шаңы андан ары маданият тармагынын өкүлдөрү тарабынан даярдалган чоң программадагы концерттик программа менен уланды.

Ошондой эле борбордук аянтта боз үйлөр тигилип, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмү жана билим берүү башкармалыгы тарабынан ар улуттун этникалык маданиятын чагылдырган көргөзмөлөр уюштурулду.

Майрамдык салтанат саат 20:00дө өтө турчу концерт менен жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан