Бүгүн, 21-мартта Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди. Бул туурасында акимчиликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, "Майрамдар талашы" аттуу сахналаштырылган көрүнүш тартууланып, элдик баалуулуктар даңазаланды.
Райондун акими Алтынбек Сеңирбаев майрамдык иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, Нооруз биримдиктин, достуктун жана жаңылануунун майрамы экендигин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында улуттук тамак-аштардын, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөнүн жыйынтыгында, атайын комиссиянын баалоосу менен эң мыкты катышуучулар райондук жетекчилик жана Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Майрамдын соңунда улуттук спорттук оюндар өткөрүлүп, жаштар жана улуулар арасында кол күрөш, аркан тартыш, кап урушмай сыяктуу таймаштар уюштурулду.