Вьетнамда кыргызстандык оор абалда ооруканага түштү. Жакындары изделүүдө

Вьетнамдын ооруканасына кыргызстандык жаран оор абалда түштү. Ал мейманканалардын биринде эс-учун жоготкон абалда табылган. Бул туурасында ал өлкөгө барган мекендештер маалымат менен бөлүшүп, жакындарын табууга көмөктөшүүнү суранат.

“Мен азыр Вьетнамдамын, мекендешибиз кыйынчылыкка кабылды. Аны ууландырып, тоноп кетишкен. Ал конгон мейманкананын ээси аны бөлмөсүнөн кечээ, 20-мартта полдо жаткан жеринен таап, ооруканага алып келген. Эркектин абалы оор, сүйлөй албайт, тамак жей албайт. Бул жерге медайым жалдап, акчасын төлөп бердик. Биз анын туугандарын издеп жатабыз. Аты Алидин Сыргабеков. Кхань Хоа провинциясынын ооруканасында”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан