Бүгүн, 21-мартта Ош шаарындагы Курманжан датка менен Ленин көчөсүн байланыштырган Аман Асранкулов атындагы көчө оңдоп-түзөөдөн кийин колдонууга берилди.
Маалымдалгандай, мэр Жеңишбек Токторбаев жаңыдан асфальт төшөлгөн жолду көрүп чыкты.
"Көчө төрт тилкелүү болуп кеңейтилип, бир тараптуу унаа кыймылы үчүн ачылды. Буга чейин аталган көчөдө мыйзамсыз жана убактылуу курулган курулуштар, тосмолор алынып салынган. Тротуарларды, лотокторду куруу, күн энергиясы менен кубаттанган жарыктандыруу системасын орнотуу иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.