Талас шаарынын борбордук паркында заманбап 8 түрдүү аттракциондун курулушуна даярдык иштери башталды. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда атайын адистер тарабынан жердин экспертизасы жүргүзүлүп, бардык коопсуздук талаптары такталууда.
Шаар мэри Байышбек Астанакуловдун айтымында, курулуш иштери жакынкы арада толук аяктап, парк шаардыктар жана коноктор үчүн эс алуунун өзгөчө жайына айланат. Ошондой эле ал жаңы аттракциондор шаар тургундарынын көңүл ачуусуна шарт түзүп гана тим болбостон, Таластагы туризмдин өнүгүшүнө да салым чоң экендигин кошумчалаган.