Кечээ, 20-мартта Ташкентте өткөн Өзбекстан менен Кыргызстандын футбол боюнча курамаларынын беттешинен кийин оюнга барган кыргызстандык күйөрмандар стадиондогу өздөрү отурган жерлерди жыйнап, таштандыларын алып чыгып кетишти.
Бул туурасында социалдык баракчалардан Азамат Абсаттаров билдирип, үлгү алчу видео менен бөлүшкөн. Анда калпак кийген кыргыз уландары жана кыздары таштандыларды чогултуп, айланасын тазалап жүргөнүн көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, кечээ, 20-мартта Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Өзбекстан менен беттешкен.