"Көз айнек, угуу аппараттары, араба..." Бишкектеги "Үмүт үйү" мекемесине демөөрчүлөр жардам берди

Бишкекте социалдык стационардык "Үмүт үйү" мекемесинин жашоочуларына демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, карыларга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга курулуш компания тарабынан электр арабалар, угуу аппараттары жана көз айнектер берилди.
"Угуу аппараттарын жана көз айнектерин туура тандоо үчүн медициналык адистердин тобу ар бир жашоочунун ден-соолугуна байланыштуу иштешти. Учурда мекемеде 214 адам жашайт. Бул жерде жашагандардын бардыгы акысыз социалдык, ден-соолук жана тиричилик кызматтарын алышат. Алар ошондой эле кийим-кече, бут кийим жана керектүү нерселер менен толук камсыздалат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан