Стамбулдун мэри Экрем Имамогл кармалгандан бери Түркияда өтүп жаткан нааразылык акциялары мыйзамсыз жана чыныгы көчө террору, ошондуктан өкмөт оппозициянын башаламандыкка чакырганына көз жумбайт. Мындай билдирүүсүн Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Мамлекет башчы Түркияда террор уюштуруу жана анын жарандарынын тынчтыгын бузуу аракеттеринин баары басылаарын, анткени элдин стабилдүүлүгүнө эч кимдин кол салууга укугу жок экенин белгиледи. Түркиянын оппозициялык Республикалык элдик партиясынын (CHP) лидери Өзгүр Озел тарабынан айтылган көчөгө чыгуу чакырыктары өлкөнүн элине зыян келтирүүгө багытталганы анык экендигин кошумчалады.
Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая 20-мартта Стамбулдагы нааразылык акциясында алты полиция кызматкери жаракат алганын билдирди. Бул күнү Анкара менен Стамбулда камактагы мэр Имамоглуну колдоо митингдери өткөн.