“Убагында 4 эле саат уктачумун”. Түштүк Кореяда билим алып, бизнес баштаган Бектур Абдыкалыков менен маек (видео)

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги каарманы алыскы Түштүк Кореяны багындырып жүргөн мекендешибиз Бектур Абдыкалыков болмокчу.

Маектешибиз учурда Түштүк Кореяда бизнес жаатында билимин тереңдетип, аны менен катар Кыргызстанда жеке бизнесин ачып койгон чагы. Баткендин Кадамжай районунан барган кыргыз жигити бул жетишкендиктерге кантип жетти? Анда кезектеги баарлашууну сунуштайбыз.

– Саламатсызбы, Бектур мырза! Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

Мен Бектур Абдыкалыков, учурда Түштүк Кореядагы Кыргыз студенттер ассоциациясынын президенти болом. Өзүм 2002-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда төрөлүп, абасын жутуп, суусун ичип, балалыктын жагымдуу издери ошол жакта калды. Мектепти аяктаган соң Ош мамлекеттик университетинин коллежине тапшырып, корей тилинен котормочулук дипломун алгам. Аны бүтүргөн соң ата-энемдин колдоосу менен Кореяны багындырып, билим алууга жөнөп кеттим. Бул өлкө мага толтура мүмкүнчүлүктөрдү берди. Мен азыр болгон потенциалымды колдонуп калганга аракет кылып жатам. Бул нерсеге түрткү берген ата-энеме ыраазычылыгымды айтам. Алардын мага болгон ишеними, тапкан-тутканын мага деп чогултуп, окууга жибергени мен үчүн баа жеткис. Жашоодо көпчүлүк учурда жолум ачык баламын, эмнени кылабайын ийгиликтүү аяктап келет. Мунун баары, дин жагынан алып карасак, ата-энемдин мага болгон ыраазычылыгынан жана дубасынан гана экен.

– Түштүк Кореяга кантип барып калдыңыз? Ал жакка баруу балалык кыялбы, же турмуш агымы өзү жетеледиби?

Корея негизинен балалык кыял деле эмес. Мен өзү чыгыш маданиятынын фанаты деле эмес болчумун. Мунун баары каржылык кызыкчылыктын айынан келип чыкты. Эл оозунан Кореяга баргандар жакшы мал-дүнүйө чогултуп келиптир деген кептер байма-бай тарап, кызыгуу пайда болгон. Ошентип чыгыш таануу факультетине тапшырып 3 жыл бою корей тилинен баштап, маданиятын, тарыхын бүт изилдедим. Ошол кезде кызыгуум өтө күч алды. Өзүм окуу жайда корей тилин окуйм, ага алымсынбай дагы 2 тил үйрөткөн курстарга каттап жүрдүм. Эртең менен кечке тил үйрөнүп кыйналган күнүмдүн жемишин Кореяга келип жакшы эле көрдүм.

Учурда кайсы багытта билим алып жатасыз? Кайсы кесиптин ээси болуп чыгасыз?

Жогоруда айткандай эле, коллежди аяктаар замат окуу борборлордун бири аркылуу Кореяга окууга тапшырдым. Бул менин жашоодо кылган эң жакшы чечимдеримдин бири ушул болду. Алгач Кореяга келип тил курсуна тапшырдым. Корей тилинен өзү 6 деңгээл болсо, ошонун 5-деңгээлине чейин көтөрүлүп, андан соң global business факультетине бакалаврга тапшырдым. Учурда 3-курстун биринчи семестринде окуп жатам. Ушул семестрди аяктап Кореянын ТО-10дугунда турган бир университетке которулууну пландап жатам. Алгач “окууң акысыз болот, стипендия берилет” десе талдабай туруп, жөнөкөй университетке тапшырып алыпмын. Күн өткөн сайын жакшы билим алуунун маанилүүлүгү жашоомдо ар кандай мисалдар менен көз алдыма урула берип, окуу жайымды которгонго камынып калдым.

Кореяга барып жашоо шартына, абасына, билим берүү системасына көнүп кетүү оңой болдубу? Максаттарды орундатуу үчүн кандай кыйынчылыктардан өттүңүз?

Түштүк Корея Кыргызстандан 70-80 жыл алдыда деген кеп бар. Башында келгенде келечекке түшүп калгандай эле болуп, цивилизацияга көнгүчө да бир аз кыйналдым. Себеби мен барган жерде менден мурун келген бир да кыргыз жок болчу. Өйдөлдыйга урулуп жүрүп баарын башымдан өткөрүп, тажрыйба мага сабак берди. Алгачкы 1,5 жыл мен үчүн өтө оор жылдардан болду. Кыргызстанда бир да жумуш кылып акча таап көрбөгөн жаным, колго тийген жумуштун баарын жасап, мигранттардай акча таап, "ботаниктердей" эле окуганга туура келди. Курулуш, талаа иштери, завод, кафе, айтор, баарында иштеп көрдүм. Мен кылбаган жумуштар саналуу эле калды окшойт. Өзгөчө эсимде калгандары дем алыш күндөрү, таңкы саат 4:20дан кечке чейин курулушта иштеп, саат 16:00дөн түн бир оокумга чейин кафеде идиш жууп, официант болуп иштеп жүргөндөрүм. Кийин бир жыл туруктуу заводдо иштедим. Анда күндүз окуп, анан иштеп, 4 эле саат уйку болчу менде. Ошол учурда максатымдын сап башында эртерээк кара жумуштан чыгып, бизнес баштап, өзүмдү кыйнабай, жеңилирээк акча табуу турчу.

Бирок кара жумуш кылсам дагы, окуудагы жыйынтыгым жакшы болду. 7 айдын ичинде корей тилинен 2-деңгээлден 5ке көтөрүлгөм. Ошонун эсебинен университетте 2 жыл акысыз окудум. Окуу жайга кыргыз студенттерди алып келип, аларга баш-көз болуп карап жүргөнүм үчүн жатакананы бекер кылып берип, айына стипендия катары акча да берип турушкан

Заводдо жүргөндө кулагымдан аудио китеп түшпөдү. Анткени максаттар билим алуу менен гана орундала тургандыгын билип, бир да убакытты текке кетирүүнү каалабадым. Ошондон бери быйыл туура 2 жыл өттү, кара жумушта кайтып иштей элекмин. Башында корей унааларын текшерип, 100 долларга жакын кызмат акы алчумун. Иш жакшы болуп 2023-жылдын күз айларында атама унаа белек кылдым. Кийин окуу борбор ачып, 100дөн ашуун студенттерди Кореяга окууга алып келдим. Жакында эле Бишкекте бир окуу борбор, телефон саткан дүкөн ачтым. Азырынча кыйратып түшүм бере элек.

Социалдык баракчаңыздан Кореяда билим берип жатканыңызды байкадым? Алар бирок кыргыздар эмес экен…

Учурда студенттер ассоциациясына төрагамын дебедимби. Корея тараптан жакшы сунуштар түшүп турат. Алардын бири мамлекеттик уюм тарабынан Кыргызстанга бара жаткан ыктыярчыларды кыргыз тилинде окутуу болду. Ошол учурду тартып киргизгем.

Окуп гана жөн болбостон, билим берип да жетишип жатыптырсыз. Билим берүү системасында кандай өзгөчөлүктөр бар. Кыргызстанга эмнени алып келе алабыз?

Билим берүү системасынан Кыргызстанга алчу өтө чоң өрнөктөр бар. Кореянын билим берүү системасы ийкемдүү жана прогрессивдүү. Ал заман талабына ылайык тынымсыз жаңыланып турат. Мисалга айтсак, заман талабына ылайык, биз аты-жытын билбеген кесиптер бар. Айтор, биз IT тармагына жабыла тапшырып жаткан компьютердик кесиптердин көпчүлүгү эбак эле актуалдуулугун жогото баштаган. Ал эми Кыргызстанда трендден түшпөгөн экономист, менеджмент сыяктуу кесиптер Кореяда эң арзан жана аз адам тапшырган окуулар.

Сабактары дагы өтө тез жаңыланат. Мисалы, кечээ гана чыккан AI-жасалма интелектти менин бул семестриме сабак катары кошуп киргизип коюптур. Дагы бир жаккан жери – Кореяда сабактарды студент өзү тандайт. Анан да дагы бир мисал, англис тили окуучунун деңгээлине жараша бөлүнөт. Кыргызстанда баарын бир англис тил сабагына киргизип коёт. Аз билгендер эч нерсе түшүнбөйт. Жакшы билгендер эч нерсе үйрөнбөй. Кээ бирөөгө мугалимдин методикасы жакпайт. Ошону менен 11 жыл окуса дагы ангис тилин эч ким кыйратып сүйлөп чыкпайт.

Кореяга сиз сыяктуу билим алууга барам деген жаштарга кандай кеңештериңиз бар?

Кореяга келем деген жаштарга тил үйрөнгүлө демекмин. Тил – дүйнөнү таанытат. Каалагандар мага да кайрылса болот. Жардам бергенге аракет кылам.

Кыргызстанга келип кызмат кылайын деген ой-максаттар барбы? Же бир аз тажрыйба топтоп анан келесизби?

– Албетте, Кыргызстанга кайтам. Учурда Түштүк Корея менен Кыргызстандын ортосунда кызматташууну өнүктүргөн бир нече бизнес пландарым бар. Буйруса, ошолорду ишке ашыра ала турчу билим, тажрыйба чогултуп 5-10 жылдын ичинде мекенге биротоло кайтам.

Сиз Кыргызстанды сагынганда...

Мурда Кыргызстанды сагынганымда телефондон жакындарым менен сүйлөшкөндөн башка арга таба албайт элем. Азыр эми эки өлкө мамилелери жакшырып, түз каттамдар каттап калды. Билет баалары тең эсе арзандап, жакын эле болуп калды. Каникул сайын барып-келип турам.

Бектур мырза, маегиңиз үчүн ыраазычылык! Баштаган ишмердүүлүгүңүз өркүндөп, келечекте Түштүк Корея менен Кыргызстандын алакасын өнүктүргөн жаштардын катарын толуктаңыз. Сиз менен сыймыктанабыз!

Кореяны багындырган Бектур Абдыкалыков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2025-03-22 14:15:00
Молодец ийгилик каалайбыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан