Филипп Киркоров атасы жерге берилгенден кийин көпчүлүктү таң калтырды

Орусиялык ырчы Филипп Киркоров атасы Бедрос Киркоров жерге берилгенден кийин ага коюлган гүлчамбарларды видеого тартып, көпчүлүктү таң калтырды.

Ырчы атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына уулдары менен келген. Ал атасы жерге берилгенден кийин ага коюлга гүлчамбарларды дароо эле видеого тартып, көпчүлүктү таң калтырган.

Айрымдар ырчы стресстен улам ушундай кадамга барган десе, айрым күйөрмандар ырчы гүлчамбарларды жөнөткөндөргө ыраазычылык билдирүүнү унутпаш үчүн видеого тарткан деп эсептешүүдө.

Бедрос Киркоров менен коштошууга Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, ырчы Григорий Лепс, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова жана башка көптөгөн белгилүү адамдар келишти.

Бедрос Киркоров 18-мартта 93 жашында каза болгон. Анын сөөгү Москвадагы көрүстөндөрдүн биринде жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан