Бүгүн, 22-маррта Ошто сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Министрликтин маалыматына ылайык, И.Абишев көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 14:21де 1, андан кийин дагы 2 бөлүм тартылган.
"Тилсиз жоо саат 15:07де чектөөгө алынып, учурда ӨКМден тартылган 3 бөлүм жана штаб тарабынан өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.