Криштиану Роналду Жоржина Родригеске кандай шартта үйлөнө турганын айтты

Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футболдук клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналдунун сүйлөшкөн кызы Жоржина Родригес 40 жаштагы футболчу менен 2016-жылдан бери мамиледе болуп, эки балалуу болгонуна карабай, аны достору шылдыңдап жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

"Менин досторум ар дайым менден "той качан?" деп сурашат. Бирок мунун баары менден көз каранды эмес”, - деген Родригес “Мен Жоржинамын” реалити-шоусунда.

Ал эми атактуу футболчу Роналду Жоржина Родригестин бул сөзүнө комментарий берген. Анын айтымына, ал Жоржина Родригес менен толук кандуу тил табышканда гана үйлөнөт.

"Мен ага дайыма "биз үйлөнөбүз деп" айтам. Бирок биздин жашообузга тиешелүү бардык нерселерде жалпы тил табышканыбызда гана. Ал менин эмне жөнүндө айтып жатканымды жакшы билет. Бул балким бир жылда, же алты айдан кийин, же бир айдан кийин болушу мүмкүн. Бирок бул ишке ашарына 100 пайыз ишенем”, - деген Роналду.

Эске салсак, португалиялык футболчу 2018-жылы Жоржина Родригеске үйлөнүү сунушун киргизген, бирок үйлөнүү тою болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан