Кечээ, 9-январда Австрияда тоодон лыжа менен түшүү спорту боюнча жыйынтыкталган Эл аралык мелдеште кыргызстандыктардан Дмитрий Трелевский 75-орунду, Евгений Тимофеев 77-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдешке 150 спортчу катышып, анын 79у мара сызыгын кесип өткөн. Кыргызстандын желеги астында катышкан Дмитрий Трелевский 75-орунду ээлесе, дагы бир кыргызстандык Евгений Тимофеев 77-болуп мара сызыгын кесип өткөн.
Эске салсак, спортчулар бул спорт түрү боюнча уюшулган мелдештерде упай топтоп, упайлардын негизинде “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасына жолдомо ала алышат.