
Ош шаарында Калинин көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөө жана жаңыдан асфальт басуу иштери жүрөт. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, бүгүн, 24-мартта саат 00:00дөн тартып Амир-Тимур (Калинин) көчөсү А. Мамыров көчөсүнөн Г. Айтиев көчөсүнө чейин унаа каттамы үчүн белгисиз мөөнөткө жабылат. Ал эми Абдыкадыров көчөсү аркылуу жол ачык болот.