Түштүк Кореянын Конституциялык соту өз чечими менен өлкөнүн премьер-министри Хан Док Суну кызматына кайра кайтарды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, ага импичмент жаряланып, анын ишин сегиз судья карап жаткан. Алардын бешөө импичментти жокко чыгаруу үчүн добуш берди, бирөө калыс, экөө импичмент үчүн добуш берди. Анын негизинде премьер-министр кызмат ордуна кайтты.
Белгилей кетсек, буга чейин ал 2024-жылы импичмент жарыяланган мурдагы мамлекет башчысы Юн Сок Ёлдон милдетин аткарып келе жаткан.