Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 24-мартка карата 8 миллиард 404 миллион куб метрди түздү. Мындай маалымат "Электр станциялары" ААКсынын расмий сайтында көрсөтүлөт.
Ал эми суунун агып келиши секундасына 257 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 144 куб метрди түзүүдө.
Эске салсак, бир жыл мурун, 24-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 193 миллион куб метрди түзгөн.