Канаданын жаңы премьер-министри мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүнү жарыялады

Канадада мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болот. Бул туурасында жаңы шайланган премьер-министр Марк Карни чет өлкөлүк басылмаларга билдирген.

"Мен генерал-губернаторго (Мэри Саймон) парламентти таркатууну жана 28-апрелге шайлоону дайындоону сурандым. Ал макул болду", - деди Карни.

Премьер-министрдин айтымында, шайлоо өткөрүү чечими өлкөнүн экономикалык тармагындагы көйгөйлөрдү тез арада оңдоо зарылдыгына байланыштуу. Мындан тышкары Карни белгилегендей, Оттава Американын президенти Дональд Трамптын администрациясы киргизген тарифтерге жооп бериши керек.

Кошмо Штаттарга жооп берүү үчүн жаңы өкмөт калктын “күчтүү колдоосуна муктаж" деп баса белгиледи Карни. Премьер-министр жарандарды "жаңы Канада экономикасын" куруу үчүн "позитивдүү мандат" берүүгө чакырды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан