Токмок шаарындагы 52806 аскер бөлүгүнүн аймагында "Канжар-XII" кыргыз-индия биргелешкен машыгуусу болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, машыгуу 9-мартта башталып, 22-мартка чейин созулган. Бул аралыкта эки өлкөнүн спецназдары мыйзамсыз куралданган топту жок кылуу операциясына чыгышкан. Ошондой эле алар аскердик-медициналык, ок атуу даярдыктары менен бөлүшкөн жана экстремалдык шартта имаратты басып алуу, аман калуу ыкмаларын көрсөтүшкөн.
Машыгуунун жыйынтыктоочу күнүндө Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башкармалыктарынын башчысы, Индиянын Кыргызстандагы аскердик атташеси полковник Панкадж Шарма катышкан.
Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосунда жыл сайын машыгуулар өткөрүлүп турат. Өткөн жылы машыгуу Индия аймагында болгон.