Өлкөдө кургак учук менен ооругандардын туруктуу төмөндөшү байкалууда. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматында айтылат.
Белгилегендей, акыркы 15-20 жылда Кыргызстанда оорунун жана өлүмдүн туруктуу төмөндөшү байкалууда. Оорунун эң жогорку чеги жана оорудан каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү 2001-жылы катталган. Анда 100 миң калкка 168 учур катталып, өлүмдүн деңгээли 100 миң калкка 27 учурду түздү.
"Кургак учукка каршы беш программанын алкагында жүргүзүлүп жаткан кургак учукка каршы иш-чаралардын натыйжасында бул мезгил аралыгында биз оорунун жана өлүмдүн жакшы азайышына жетиштик. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024-жылы Кыргызстанда оорунун деңгээли 100 миң калкка 56,3 учурду түзгөн. 2001-жылдагы маалыматтарга салыштырмалуу төмөндөө үч эсеге жетти. Өлүмдүн көрсөткүчтөрү да 10 эсеге азайган. 2024-жылы 2,6 учур катталган", - деп айтылат анда.
Маалымат үчүн: Бул күн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечимине ылайык белгиленип келет. Айтылуу немис микробиологу Роберт Кох 1882-жылдын 24-март күнү кургак учук дартын тапкан.
24-мартка карата жылнаама.