АКШ Ирандан өзөктүк программасынан толук баш тартышын каалайт. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц билдирди.
Ал эгер Тегеран талаптарды аткарбаса, анын кесепеттери катуу болорун айтты.
"Биз ачык айткыбыз келет, Барак Обама жана Жо Байдендин администрациясынын тушунда колдонулуп келген "сен мага, мен сага" деген принциптер азыркы учурда колдонулбайт. Бул бүтүндөй өзөктүк программа жөнүндө. Андан баш тарт, болбосо кесепеттери болот", - деген ал CBS News телеканалына берген маегинде.
Уолтц Ирандын өзөктүк куралга ээ болушу бүткүл Жакынкы Чыгыш чөлкөмүн жарыша куралданууга алып барарын, өз кезегинде бул АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн кабыл алынгыс нерсе экенин белгилеген.
Эск салсак, 7-мартта Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиге Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган кат жөнөткөнүн билдирген. Кийин кат Ирандын тышкы иштер министринин колуна Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү аркылуу тийгени маалым болгон. Көп өтпөй чет элдик басылмалар катта Тегеранга жаңы өзөктүк келишимди түзүү үчүн эки айлык мөөнөт берилгенин жазышты.