Рим папасы ооруканага жаткырылгандан бери биринчи жолу эл алдына чыкты

Рим папасы Франциск ооруканадан чыгып жатып, беш жумадан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты. Бул тууралуу кечээ, 23-мартта чет элдик басылмалар жазышты.

Ал Гемелли ооруканасынын балконуна майыптар арабасы менен чыгып, чогулгандарга ыраазычылыгын билдирген. Эми ал үй шартында дарылараны айтылды.

88 жаштагы Франциск пневмония илдети менен 14-февралда ооруканага жаткырылган. Андан бери эл алдына чыга элек болчу. Бул анын 12 жылдык папалык башкаруусундагы эң узак убакыт ооруканада дарылануусу болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан