Илон Масктын трансгендер кызы АКШдан түбөлүккө кете турганын билдирди

АКШдагы миллиардер Илон Масктын трансгендер кызы Вивиан Женне Уилсон АКШдан Японияга түбөлүккө көчүп кетүүнү чечкенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы Вивиан англис тилинен тышкары француз, испан жана япон тилдерин билет. Анын апасы Масктын биринчи аялы Жастин Уилсон. Жубайлар 2008-жылы эки жолго түшүшкөн.

Ал эми бул окуя боюнча атасы Илон Маск комментарий берген эмес. Вивиан Женне Уилсон жынысын өзгөрткөнгө чейин эле 2020-жылы атасы менен байланышын үзгөн. Ошону менен катар буга чейин атасын сындап бир нече жолу пост жазган.

"Кирешелердин теңсиздиги АКШдагы эң чоң көйгөй деп эсептейм, айрыкча биздин муундар үчүн. Жумушчулардын эмгегине татыктуу акы алышы керек. Өз кызыкчылыктарын гана ойлогон бул мега-миллиардерлердин байлыгы топтолушу керек деп ойлойм. Мен бул миллиардерлердин айрымдарын жолуктурдум, алар жакшы деле адамдар эмес экен", - деп жазган ал.

SpaceX жана Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын уулу Ксавье Александр эки жыл мурун жынысын өзгөртүп, кыз болууну чечкен жана Вивиан Женне Уилсон аттуу ысымды алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан