Эртең, 25-мартта Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы эскертти.
Ага ылайык, мындай чектөө "Северный" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерине байланыштуу киргизилди.
Эртең саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректерде суу берилбейт:
Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Ж. Гвардия көчөсү, ЧЧК, Саадаев көчөсү.
Красный Строитель конушу, Ак-Тилек конушу, Көлмө конушу, Алтын-Бешик конушу, Салам-Алик конушу.