Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу ал жактагы кыргызстандыктарды демонстрацияга жана митингге катышуудан алыс болууга чакырды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
"Стамбул шаарындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл көп чогулган жерлерге барбоого, демонстрацияга жана митингге катышуудан алыс болууга, күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырабыз.
Социалдык тармактарда демонстрация (митинг) жөнүндө маалыматтарды, болуп жаткан окуяларга карата жеке бааларды жана пикирлерди жарыялообону өтүнөбүз", - дешти консулдуктан.
Өзгөчө кырдаалдарда Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун
+90 535 107 72 12 ишеним телефонуна кайрылса болот.
Белгилей кетсек, Стамбул шаарынын башчысы
Экрем Имамоглу 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, төрт күнгө камакка
алынган. Анын кармалышына нааразылык иретинде массалык демонстрациялар башталган.