Өлкөдө жайыттарды жакшыртуу максатында үрөн чөптөр себилүүдө

Өлкөдө жайыттарды жакшыртуу максатында жайыт чөптөрдүн үрөндөрүн себүү иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жылы 94 миң 462 килограмм эспарцет үрөнү 12 миллион сомго жана 137 миң 725 килограмм жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү 42 миллион 252 миң 337 сомго сатып алынган.

"Бул үрөндөр өлкөнүн ар кайсы региондоруна өз убагында жеткирилип, аймактардагы фермерлерге жана жайыт пайдалануучуларга таратылды. Учурда жалпы аянты 15 миң 299 гектарды түзгөн кунарсыз жайыт жерлерин калыбына келтирүү боюнча себүү иштери кызуу улантылууда", - деп билдирди министрлик.

Ошондой эле бир катар райондордо үрөн себүү иштери ийгиликтүү аяктаганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан