Түндүк Корея АКШга кайрадан кайталап эскертүү жасады

Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгуусун айыптап, ар кандай коркунучтарды басуу үчүн сокку уруучу күчүн күчөтө турганын эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Корея жарым аралында туруксуздукту жаратып, жыл сайын өткөрүлүүчү "Freedom Shield" аскердик машыгууларынын быйылкысы агрессивдүү жана чабуулдук мүнөзү жагынан эң жогорку деңгээлге жетти", - деп айтылат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Куралсыздануу жана тынчтык институтунун билдирүүсүндө.

Пхеньян Корея жарым аралынын аймагындагы аскердик кагылышуулар эч качан Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы маселе менен чектелбестигин, бул деген жаңы дүйнөлүк согуштун башаталышы болуп калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Буга чейин Түндүк Корея Вашингтон менен Сеулдун биргелешип өткөргөн аскердик машыгуусу мамлекеттин эгемендигине кооп жаратып жатканын билдирип, көз карандысыздыгын коргоо үчүн кыйраткыч куралдарды колдонууга даяр экенин жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан