Бишкек–Кант–Токмок унаа жолун оңдоо иштери башталды

Бишкек–Кант–Токмок унаа жолун оңдоо иштери башталды. Бул туурасында бүгүн, 24-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, азыркы тапта жолдун Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгүндө казуу, тазалоо иштери жүрүүдө. Ага улай курулушка тоскоол болгон айрым объектилер алынып жатат. Тагыраагы, 3,85 чакырымга созулган жолдун бул бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүрөт.
"Алдыда Бишкек–Кант–Токмок унаа жолу этап-этабы менен оңдолот. Азыркы тапта аталган унаа жолдун 14,5 чакырымын долбоорлоо иштери аткарылууда.
Аталган жолдун жалпы 18 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Долбоордо көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башка иштер каралган", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан