Түркия бийлиги Стамбулга кирүүгө жана чыгууга чектөө киргизди 

Түркия бийлиги Стамбулда уланып жаткан нааразылык акцияларынан кийин шаарга кирүүгө жана чыгууга чектөө киргизди. Бул тууралуу орусиянын РИА новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, чектөө мыйзамсыз аракеттерге катыша турган жеке адамдарга, топторго жана транспорт каражаттарына тиешелүү.

Бийлик нааразылык акцияларына катышуу потенциалын кандай баалай турганын так түшүндүргөн жок.

Белгилей кетсек, Стамбул шаарынын башчысы Экрем Имамоглу 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, төрт күнгө камакка алынган. Анын кармалышына нааразылык иретинде массалык демонстрациялар башталган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан