"Куран окулуп, дарылатып..." Ошто 73 жыл мурун жабылган көрүстөндү рекультивациялоо иштери башталды

Бүгүн, 24-мартта А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан эски көрүстөндү коомдук муктаждыктар үчүн кайра пайдалануу максатында рекультивациялоо боюнча иштер башталды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, “Акгөр” көрүстөнү мындан 73 жыл мурун жабылган жана анын жалпы аянты 19 сотыхты түзөт.

Алгач Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин, шаардын казысы Мирлан Токтомушевдин, Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрүнүн, аксакалдардын катышуусунда жалпы маркумдарга дуба окулуп, курмандык чалынды. Тиешелүү кызматтар тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөндүгү маалыматта кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин калаа башчысы шаардагы көрүстөндөрдү кайра пайдалануу боюнча жыйын өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан