Бишкекте “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы административдик имараты ачылды

Бүгүн, 24-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы административдик имаратынын ачылышына катышты. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысына учурда “Кызмат” мекемеси тарабынан жарандар үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган чаралардын комплекси көрүлүп жаткандыгы маалымдалды. Түндүк тиркемесинде ID-картага онлайн арыз берүү, жашаган жери боюнча каттоо, ошондой эле мүлктү камсыздандыруу боюнча кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылгандыгы кошумчаланган.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы онлайн-сервистерди киргизүү, киберкоопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу, жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн кыйла ыңгайлуу, ачык-айкын жана оперативдүү кылууга багытталган.

Садыр Жапаров онлайн-кызматтардын спектрин кеңейтүү жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча чараларды күчөтүү боюнча ишти улантууну тапшырды, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана жарандардын суроо-талаптарына ыкчам жооп кайтаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Белгиленгендей, “Учкун” имаратында жайгашкан жаңы кеңседе ыңгайлуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. 175 адис үчүн ачык жумушчу зонасы, конференц зал, эс алуу бөлмөлөрү, ашкана, душ, намазкана жана стол тенниси үчүн зал бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан