Эртең, 25-марттан тарта Бишкектеги бир нече көчөлөр оңдоо үчүн жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, эртеңден тарта Жибек Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат. Жолдун түндүк тарабы убактылуу эки тараптуу болот.
Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки батыш тарабы жабылат. Чыгыш тарабы убактылуу эки тараптуу кыймыл болот.
Мындан тышкары Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.