Түркиянын Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш Стамбулдун башчысы Экрем Имамоглунун камакка алынышына байланыштуу Түркияда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазышты.
"Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун убагы келди. Анткени жаштардын көпчүлүгү төрөлгөндөн бери бийлик алмашканын көрүшө элек", - деген ал.
Стамбулдун камалган мэри Имамоглу азырынча эң ири оппозициялык "Республикалык элдик партиядан" шайлоого катышуу үчүн жалгыз талапкер.
Белгилей кетсек, Стамбул шаарынын башчысы Экрем Имамоглу 19-мартта кармалган. Ал коррупцияга айыпталып, төрт күнгө камакка алынган. Анын кармалышына нааразылык иретинде массалык демонстрациялар башталган.