7,5 жылга эркинен ажыратылган орус актеру Михаил Ефремов абактан бошотулат

Белгилүү орус актеру Михаил Ефремов эркиндикке чыкты. Сот аны шарттуу түрдө бошотууга макулдук берди. Бул туурасында орус басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, ал адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынан улам 7,5 жылга абакка кесилген. Ефремов сот тарабынан белгиленген жазанын жарымын өтөгөн.
Актер журналисттерге жооп берип жатып абактан 15 күндөн кийин бошой тургандыгын айтып, биринчи кезекте ооруканага барып дарыланарын билдирген.
Белгилей кетсек, 2020-жылы 8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан