Жаандан улам Чаткалдагы айылдарды суу каптап, куткаруучулар тартылды (видео)

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы айрым айылдарды жаандан улам суу каптап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагындагы Жаңы-Базар, Айгыр-Жал, Курулуш айылдарында жаап жаткан жамгырга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу колоттогу карлар ээрип, арыктарга батпай, жолдорду жана турак үйлөрдүн короолорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 8 куткаруучу, 1 жүктөгүч, Каныш-Кыя айылынан 1 экскватор, Жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү туругундардан 53 адам тартылды.
Жеринде сел каналдарды тазалоо жана кооптуулук жараткан турак жайдагы сууларды сыртка чыгаруу жумуштары жүрүүдө.
Чаткалда айылдарды суу капттодо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан