Израиль Москвадагы Жеңиш парадына катышат жана 9-май майрамынан эч качан баш тартпайт. Бул тууралуу ТАСС агенттигинин кабарчысына берген интервьюсунда Израилдин Москвадагы элчисинин милдетин аткаруучу Александр Бен Цви билдирди.
"Менин билишимче, Израилдин элчиси Симон Гальперин парадга 100 пайыз катышат", - деди дипломат.
Бен Цви ошондой эле Израил КМШдан тышкары ардагерлердин парады жана "Өлбөс полк" өткөргөн жалгыз өлкө экенин кошумчалаган.
Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 9-майда Москвада өтө турган мааракелик салтанатка катышарын ырастаганы белгилүү болгон. Жеңиш парадына Сербиянын президенти Александр Вучич да катышат жана ошол эле күнү орус лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.