Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык төрөт үйүнө рейд жасап, аймагын көрүп чыкты. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Анда шаар башчысы жеринде тиешелүү жетекчилерге оорукананын айланасын жалпы иретке келтирүү менен бирге көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жанында жайгашкан каналды тазалоо, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды куруу, тепкичтерди оңдоп-түзөө боюнча тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары башаламан курулган соода түйүндөрдү алдырып салуу боюнча талаптарды коюп, 1-апрелге чейин тазалана тургандыгы убадаланды.