Бүгүн, 25-март 9:20да Бишкек–Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Белгилей өтсөк, бүгүн эртең менен "Сосновка" жана "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилген болчу.