Бүгүн, 25-мартта белгилүү америкалык актриса, продюсер жана бизнесвумен Сара Жессика Паркер 59 жашка толду. Ал Огайо штатындагы Нельсонвилл шаарында туулган.
Ал 8 бир туугандын бири. Анын ата-энеси ал кичинекей кезинде эле ажырашып кетишкен. Атасы Стивен Паркер еврей, ал эми апасы Барбара Кек англис жана немис тектүү болушкан. Сара кичинекей кезинен баштап өнөргө жакын болуп, ырдап, бийлеп жана театрда ойной баштаган. Үй-бүлөсү анын талантын колдоп, Нью-Йоркко көчүп барып, анын актрисалык карьерасына шарт түзүшкөн.
Сара Жессика Паркер 1991-жылы белгилүү актёр Мэттью Бродерик менен таанышып, 1997-жылдын 19-майында расмий түрдө үйлөнүшкөн. Жубайлардын никеси Голливуддагы эң узак жана туруктуу мамилелердин бири болуп саналат. Алар жеке жашоосун коомчулукка көп жарыялашпайт. Сара Жессика Паркер менен Мэттью Бродериктин Жеймс Уилки Бродерик аттуу уулу жана Мэрион Лоретта Элуэлл Бродерик менен Табита Ходж Бродерик аттуу эгиз кыздары бар. Тактап айта кетсек, алардын эгиз кыздары суррогат энеден төрөлгөн. Сара Жессика Паркер балдарын атактуулукка аралаштырбоого аракет кылат.
Интернет айдыңында анын күйөөсү Мэттью Бродерик менен ажырашары тууралуу ар кандай ушак-айыңдар чыкса да, алар 25 жылдан ашык убакыттан бери бекем үй-бүлө катары жашап келишет.
Сара Жессика Паркер актрисалык карьерасын, бизнесин жана үй-бүлөсүн бирдей алып жүргөн жылдыздардын бири.
Саранын модага болгон сүйүүсү
Сара Жессика Паркер жеке жашоосунда стилдүү жана уникалдуу образдарды тандаган адам. Ал көп учурда моданын эң алдыңкы дизайнерлери менен иштешип, өзүнүн бут кийим бренддерин да түзгөн. Актрисада кымбат баалуу сумка жана бут кийим топтому бар, бирок ал жашоодо жөнөкөйлүктү тандап, баалап келет.
2005-жылы ал "Lovely" аттуу атыр брендин чыгарган, ал эми 2014-жылы өзүнүн бут кийим "SJP Collection" брендин негиздеген. Ошондой эле актриса белгилүү мода көргөзмөлөрүнүн коногу жана дизайнерлер менен тыгыз иштешет.
Карьерасы
Сара Жессика Паркер бала кезинен эле өнөр дүйнөсүнө аралашкан.
Ал эң алгач 1976-жылы "The Innocents" спектаклинде жана 1979-жылы "Annie" мюзиклинин башкы ролун аткарып, Бродвейде чоң ийгиликке жетишкен. Ал эми 90-жылдарда Сара Жессика Паркер бир нече ийгиликтүү тасмаларда роль жаратып, популярдуулукка жетишкен. Ал 1992-жылы "Вегастагы бал айы" романтикалык комедиясында, 1995-жылы "Бактылуу" тасмасы популярдуу болбосо да, анын драмалык чеберчилигин көрсөтүүгө мүмкүндүк берген тасма.
Ал эми анын карьерасына 1998-2004-жылдарда жарыкка чыккан "Секс в большом городе" сериалы дүйнөлүк атак алып келген. Аталган тасма HBO телеканалынын долбоору болуп, Сара Жессика Паркер Кэрри Брэдшоу аттуу башкы каармандын ролун аткарган. Сериал 6 сезон (1998–2004) көрсөтүлүп, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрөрмандарды өзүнө тарткан.
Кэрри Брэдшоу моданы сүйгөн, романтика тууралуу макалаларды жазып, Нью-Йорктун жашоо образын сүрөттөгөн журналист болгон.
"Секс в большом городе" сериалы 4 "Алтын глобус", 2 "Эмми", 3 "Screen Actors Guild Awards" чоң сыйлыктарды жеңип алган. Мындан тышкары аталган сериалдын негизинде "Секс в большом городе: Кино" жана "Секс в большом городе 2" тасмалары тартылган. Эки тасма тең коммерциялык жактан ийгиликтүү болуп, миллиондогон доллар киреше алып келген.
Сара Жессика Паркер кино тармагында продюсер катары да иштей баштаган. Ал өзүнүн продюсердик компаниясын түзүп, жаңы долбоорлорду ишке ашырган.