Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Алтын-Кум" пляжы бул жылы реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, учурда аталган жайда оңдоп-түзөө иштери башталган.
"Алтын-Кум" пляжы быйыл такыр башкача болуп өзгөрөт. Эскилиги жеткен жана бир нече жылдан бери иштебей турган суу атракциондор алынып, көл жээгиндеги пляж заманбап болуп курулууда. Учурда жумуш кызуу жүрүүдө", - деген Орунтаев.