Европа өлкөлөрүндө асмандан белгисиз спиралдар көрүнгөнү айтылды 

Кечээ, 24-мартта түндө Европа өлкөлөрүндө асмандан белгисиз спиралдар көрүнгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган көрүнүш Британия, Германия, Польша, Венгрия, Франция жана Евпопанын башка өлкөлөрүндө аны менен бирге Украина жана Орусияда дагы көрүнгөн.

"Бүгүн кечинде асманда табышмактуу спиралдар байкалды, алар SpaceX ( ред: америкалык космостук технологияларды өндүрүүчү компания) ракетасынын тоңуп калган күйүүчү майы болушу мүкүн", - деп жазышкан басылмалар.

Ошондой эле аталган өлкөлөрдүн X социалдык тармагынын колдонуучулары дагы асмандан спиралдарды көрүшкөнүн байма-бай жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан