Айдоочулардын 70 пайызы жол эрежесин билбестиги айтылды

Айдоочулардын 70 пайызы жол эрежесин билбейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта ЖКККББнын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айткул уулу жергиликтүү уктуруулардын бирине курган маегинде билдирди.

Ал керек болсо унаа мектебин кайсы жылы бүткөнүн билишпегендер да бар экенин айтты.

"Биз буга чейин айдоочулардан сурамжылоо жүргүзүп келгенбиз. Ошондо кээ бир айдоочуларыбыз күнүмдүк жолдо колдонулган жол белгилерин билбестигин жөн эле коёлу, жадакалса унаа мектебин кайсы жылы окуган, кайсы жылы бүткөнүн айтып бере алышпай койгон", - деди ал.

Белгилей кетсек, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузгандар үчүн жаңы тартиптер кирерин билдирген. Анда токтотулган унаанын айдоочусунан жол эрежелери суралары, ал билбей калса ошол замат анын айдоочулук күбөлүгү алынып, кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөрү айтылган. Алагөзов мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу үчүн керектигин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2025-03-26 05:20:00
МАИлер кыйратат бекен Байказы сен деле билбейсиң. Көргөнбүз Өзбекстандын президенти ким десе өзбек ажы деген кызматкерлерди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан