Бүгүн, 25-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, легендарлуу “Биз” тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторовдун туулган күнү. Ырчы мырзага туулган күнү менен куттуктап байланышка чыктык.
"Бүгүнкү маанайым эң сонун. Негизи туулган күн тоспойм деле, мен үчүн ар бир күн майрам. Бүгүн үй-бүлөм менен болом.
Мурда жаш кезде, студент куракта майрамдап белгилейт элек, азыр шаан-шөкөткө деле убакыт жок. Негизи чыгармачылык чөйрөдө жүргөн адамдардын ар бир күнү майрам сыяктуу болот эмеспи", - деди Токторов.
Бактияр Токторов 1970-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Коммунизм айылында төрөлгөн. Токторов мектепте окуп жүргөн кезинде эле комуз, гитара черткенди билген. Ырчы Алла Пугачёва, Валерий Леонтьев, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жүрүп эле үнүнүн диапазонун кеңейтип алганын айткан.