26-28-март күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.
Билдирүүдө бул күндөрү аталган аймактардагы эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгү айтылат.
"Арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайбыз", - дешти мекемеден.