
26-27-март күндөрү Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, аталган аймактарда 0…-2°ка чейин суук болушу мүмкүн.
Мындай үшүк жемиш дарактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу.