Качкын президент Курманбек Бакиев Жалал-Абад шаарында ооз ачар өткөргөнүн билдирди. Анын кайрылуусун тарапташы Аскаттейит Нурудунов кечээ, 24-мартта социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Бакиев кайрылуусунда кыргызстандыктарды тунгуч өлкө башчы Аскар Акаевди бийликтен кулаткан март ыңкылабынын 20 жылдыгы, Орозо айы жана Нооруз майрамы менен куттуктаган.
"Март ыңкылабы ошол кездеги бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы, өлкөнүн экономикасынын, кыргыз элинин жашоосунун мурда-кийин болуп көрбөгөндөй төмөнкү деңгээлге түшүп кеткендигине карата болгон элдин нааразычылыгынан келип чыккан жана дүйнө элине үлгү болгон чыныгы элдик ыңкылаб болгон. Андай экенин бир эле өзүбүздүн өлкөнүн жарандары эмес, башка элдер да ушул күнгө чейин айтып келишет.
Колдоруна курал-жарак эмес, плакаттарды көтөрүшкөн интеллигенция топту баштап, аларды миң сандаган калың эл, аялдар, жаш балдар ээрчип, адамдар инсандык сапаттарын бийик кармап, маданияттуу түрдө нараазычылык акциясына чыгышкан. Анан дагы баса белгилеп кете турган нерсе, март ыңкылабынын 20 жылдыгы быйыл жаз менен кошо келген Нооруз майрамына, эң башкысы Кудайымдын улуу, ыйык Рамазан айына туура келип, өзгөчө күн болуп турат", - деп айтылат анда.
Мындан тышкары текстте Бакиев быйылкы орозодо Минск шаарындагы мечитте да ооз ачарлык өткөргөнү белгиленип, анын Кыргызстандан сыртта болгондуктан Жалал-Абаддан башка өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүүгө шарты болбой калганы жазылган.
МедиаХаб басылмасына Жалал-Абаддагы "Кыргызстан" ресторанынын кызматкери ооз ачарлык 23-мартта Бакиев тарабынан уюштурулганын ырастаган.
Белгилей кетсек, Курманбек Бакиев 2010-жылы апрелдеги элдик толкундоодо өлкөдөн чыгып кеткен. Ал сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган.