"Акысыз ооз ачар, оюн-зоок..." Бүгүнкү Кыргызстан менен Катардын футбол беттешине кызуу даярдык (видео)

Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Катардын футбол курама командаларынын беттеши өтөт.

Учурда оюн талаада иретке келтирүү иштери жүрүп, отургучтар тазаланып, оюнга карата кызуу даярдык көрүлүүдө. Беттеш саат 19:45те башталат.

Ал эми Орозо айынын урматына келген күйөрмандарга акысыз ооз ачар уюштурулууда. Азыркы тапта бир нече казан тамактар даярдалып жатат. Мындан тышкары намаз окууга ылайыкташтырылган жерлер каралган.

Футбол беттешинде күйөрмандар үчүн ооз ачар уюштурулат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан